Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда теракт даярдап жаткан деген шек менен Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кармалды

Алар ИМнин атынан Түркияда теракт жасоону пландашкан

Түркияда теракт даярдаган деген шек менен Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кармалды, деп жазат Hürriyet.

Маалым болгондой, кармалгандар "Ислам мамлекети" (ИМ) уюмунун атынан Түркияда теракт уюштурууну пландашкан.

Маалым болгондой, сотко Тажикстандын жараны 37 жаштагы Фазилжон А. жана Кыргызстандын жараны 41 жаштагы Зульфия С. алынып келинген.

Түркиянын контрчалгын кызматы Стамбулдун Пендик районунда Тажикстандын 37 жаштагы жараны Фазилжон А. менен Кыргызстандын 41 жаштагы тургуну Зульфия С.ны кармады. Алар жашаган үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда жандармериянын формасы, милициянын ок өтпөс жилеткасы, рация жана башка аксессуарлар, ошондой эле теракт жасоо боюнча көрсөтмөлөр алынган. Сурак учурунда кармалгандар зомбулук актысын даярдашканын моюнга алышкан.

Кыргызстандын жараны 41 жаштагы Зульфия С. Туркиядан депортацияланды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх