Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вьетнамдын эң бай аялдарынын бири алдамчылык үчүн өлүм жазасына кесилди

Ишкер 12,5 миллиард долларды жеп алган деп айыпталган

Вьетнамдын эң бай аялдарынын бири, ири өнүктүрүү компаниясынын мурдагы төрагасы Чыонг Ми Лан өлкөнүн негизги банкынан 12,5 миллиард долларды жеп алганы үчүн өлүм жазасына кесилгенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Чыонг Ми Лан пара алуу, акчаны мыйзамсыз пайдалануу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталган. Ишкердин шылуундугу Вьетнамдын тарыхындагы эң чоң алдамчылык деп аталды.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Чыонг Ми Лан 10 жыл бою Хо Ши Миндин ири банкынан акча уурдаган. Ишкер кредиттик мекемеден акча алуу үчүн насыялык арыздарды бурмалаган деп айыпталган. Банктын 90% акциясын бизнес айым түздөн-түз жана номинанттар аркылуу ээлик кылган.
«Айыпталуучу Чыонг Ми Лан Вьетнамдын Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана коротуу» беренеси боюнча өлүм жазасына, «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси боюнча 20 жылга жана Кылмыш-жаза кодексинин «Банк ишин жана банк секторуна байланыштуу башка иштин эрежелерин бузуу» беренеси боюнча 20 жылга эркинен ажыратылды. Жыйынтыктап айтканда, соттолуучу өлүм жазасына тартылды», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Аял жана анын шериктери 2022-жылы камакка алынган. Дагы 85 адам, анын ичинде Вьетнамдын Борбордук банкынын мурдагы кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана Сайгондогу ири банктын жетекчи кызматкерлери да айыпталган. Бул айыпталуучуларга өкүм чыгарыла элек.
42 миңден ашык адам Чыонг Ми Лан алдамчылыгынын курмандыгы болду. Булар негизинен Хо Ши Мин банкынын баалуу кагаздарынын ээлери жана аманатчылары.


Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх