Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапониялык спортчу турникте тартылуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду

Ал 8940 жолу тартылды

Япониялык Кента Адачи эркектер арасында 24 саат ичинде эң көп турникте тартылуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Ал 8940 кайталоону аткарды. Бул тууралуу Гиннес рекорддор китебинин расмий сайтында маалымдалды.

Жапондук спортчунун жыйынтыгы австралиялык Гари Ллойддун мурунку рекордунан 300гө көп ашты.

 

 

Кента 2022-жылы 651 кайталоо менен эң көп катары менен тартылуу боюнча рекорд койгон. Өмүр бою спорт менен машыкпаганын өзү да мойнуна алат. 2007-жылы ал Жапониянын Жээк күзөтүндө иштеш үчүн спорттук сынактан өтүшү керек болчу, бирок дал ушул тартылуудан өтпөй калган. Ошондон бери ал өз өнөрүнүн үстүндө көп эмгектенип келген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх