Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстан түрк жарандары үчүн визасыз режимди жойду

“Чечим өз ара барабар принцибинин алкагында кабыл алынды”

Тажикстан 20-апрелден тарта түрк жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгарат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул Түркиянын ушул сыяктуу аракеттерине жооп экени белгиленет.

«Чечим өз ара барабар принцибинин алкагында кабыл алынды. Түркиянын жарандары Тажикстан Республикасынын визасын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерден жана консулдуктардан ала алышат», - деп белгилейт министрликтен.

Апрель айынын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жарлыгы менен Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгарган. ММКлар муну Орусия менен Түркиядагы террордук чабуулдар менен байланыштырып, аларды Тажикстандын жарандары жасаган деп шектелүүдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх