Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дубай менен Оманды сел каптады: каза болгондор бар (видео)

Оманда каза болгондордун саны 18ге жетти

Бириккен Араб Эмираттарында кечээ, 16-апрелде нөшөрлөгөн жаан жаады. Дубайда ири магистралдарды жана жергиликтүү аэропортту суу каптады.

Gismeteo маалыматы боюнча, шейшемби күнү кечинде Дубайга болжол менен 120 миллиметр жамгыр жааган, бул чөлдүү аймакта адатта бир жылда алган көлөмгө жакын.

 

Коңшу Оманда, катуу суу ташкынды баштан кечирип, каза болгондордун саны 18ге жетип, жоголгон адамдардын изин издөө иштери улантылып жатат.

Жети эмираттык БАЭдеги мектептер бороондун алдында жабылды. Мамлекеттик кызматкерлер көбүнчө аралыктан иштөөгө өтүштү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх