Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирандын президенти Ибрагим Раиси тик учак кырсыгынан каза болду

Учактагылардын баары да каза болушкан

Ирандын президенти Ибрагим Раиси тик учак кырсыгынан каза болду. Маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары тастыкташты.

Эске сала кетсек, кыйраган учактын ичинде тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз провинциясынын аятолласы Али Хашим да болгон. Баары каза болду.

Тик учак 19-майда түштөн кийин кулаган. Кырсык болгон жерди издөө 12 саатка жакын улантылды. Учактын калдыктары Тавал айылынан 30 чакырым алыстыкта табылган.

Тик учак аскага кулап, толугу менен күйүп кеткен.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх