Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Куткаруучулар Иран президентинин тик учагынын кыйрашынан каза болгондордун баарынын сөөгүн табышты (видео)

Өлкөдө беш күндүк аза күтүү жарыяланды

Куткаруучулар республиканын президенти Ибрагим Раисинин тик учак кырсыгынан каза болгондордун бардыгынын сөөгүн табышты, деп билдирет Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хоссейн Коливандга шилтеме берүү менен Al Jazeera.

«Кырсык болгон жерден каза болгондордун бардык сөөктөрү Тебриз шаарына жөнөтүлдү. Сөөктөрдү издөө иштери аяктады», - деди ал.

Эске сала кетсек, 19-майда Ирандын президенти Ибрагим Раиси бараткан тик учак кулап түшкөн. Түштөн кийин Раиси Азербайжандын президенти менен жолугушкан. Расмий иш-чаралардан кийин ал тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан менен Bell 212 тик учагына отуруп, Тегеранды көздөй учуп кеткен. Учкандан 30 мүнөттөй кийин тик учак Азербайжандын чыгышында учактын электрондук бөлүгү иштебей калгандыктан жана коюу тумандан улам кулап түшкөн.

Кыйраган учактын ичинде тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз провинциясынын аятолласы Али Хашим да болгон.

Иранда президент Ибрагим Раисинин өлүмүнө байланыштуу беш күндүк аза күтүү жарыяланды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх