Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл аралык кылмыш соту Израиль менен ХАМАС лидерлерин камака алууну карайт

Мындан тышкары, Эл аралык кылмыш соту Израилдин коргоо министри Галланттын, "Аль-Кассам бригадаларынын" командири Мохаммед Ад-Дейфти жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Ханияны камакка алууну көздөөдө

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) ХАМАСтын лидери Яхья Синвар жана Изарилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну аскердик кылмыштарга айыптап камакка алууга ордер берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу прокурорго шилтеме кылып РИА Новости жазды.

Мындан тышкары, Эл аралык кылмыш соту Израилдин коргоо министри Галланттын, "Аль-Кассам бригадаларынын" командири Мохаммед Ад-Дейфти жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Ханияны камакка алууну көздөөдө.

Эл аралык кылмыш сотунун чечимине Израилдин бир нече министри пикирин билдирди.

Аскердик аракеттер багытындагы министр бул чечимди “тарыхый кылмыш” деп атады. Улуттук коопсуздук министри Бен-Гвир ЭКСти “семиттерге каршы сот” деп атады.

Каржы министри Смотричтин пикиринде, Эл аралык кылмыш соту дүйнө “нацисттик пропаганда учурунан бери болуп көрбөгөн эки жүздүүлүктү жана еврейлерди жек көрүүнү” көрсөттү. Нетаньяхунун кеңсеси соттун чечимине жооп бере элек.

ХАМАС Израиль сыяктуу эле Эл аралык кылмыш сотунун чечимине нааразы. Палестиналык кыймыл лидерлерин камакка алууну талап кылбай, Израилдин бүткүл жетекчилигин жана Газадагы операцияга катышкан израилдик аскерлерди камакка алууга ордер берүүнү талап кылууга чакырды.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх