Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нью-Йоркто ордо боюнча Америка чемпионаты өттү

Ордо оюну кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири

Командалар көптөгөн штаттардан келди, казак диаспорасынан дагы команда болду. Аба ырайы сонун, маанай сонун!
Сынактын катышуучуларынын биринин айтымында, ордо оюну кыргыз элинин улуттук колоритин чагылдырып, ар бир кадамын ойлонууга аргасыз кылгандыктан оюнга суктанууну жаратат.

Ордо оюну кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Ордо оюнуна ондон жыйырмага чейин оюнчу катыша алышат. Ордо оюну тапталган түз жерде, көбүнчө кырманда ойнолгон. Ошондой эле кой короодо ойноого да ыңгайлуу. Ордо оюнуна диамерти 14 метр болгон тегерек чийилет. Ордонун борборунун жыдымасына «кан» салынат. Анын айланасында бир оюнчуга бештен эсептелип, тегерек формада бөгүнөн чүкөлөр түзүлөт. Эгерде мелдешке 20 киши катышса, анда ордого 98 чүкө жана «кан» салынууга тийиш. Анткени «кан» эки чүкөгө эсеп кылынат.

Сүрөт социалдык тармактардан алынган

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх