Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Катаал аба ырайынан улам Сингапурга сапар алган учакта 2 адам каза болду

Лондондон Сингапурга жол алган «Боинг 777» үлгүсүндөгү учак тропикалык аба ырайынын кесепетинен Таиланддын борбору Бангокто авариялык конуу жасады

Учакта 211 жүргүнчү жана 18 экипаж болгон. Турбуленттүүлүктөн улам 1 адам каза болуп, 30 адам жарадар болгону айтылды. Алардын көбү башынан жаракат алган. Жүргүнчүлөр учак коноору менен Бангоктогу ооруканаларга жиберилген.

Кийин ал жерден дагы 1 адам каза таап, жыйынтыгында кырсыктын кесепетинен 2 адамдын жаны кыйылган. «Сингапур аба каттамдары» компаниясы жаралангандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын топ жиберерин билдирди.

«20-майда Лондондогу "Хитроу" аэропортунан Сингапурга сапар тарткан учак катуу турбуленттүүлүккө учурап, 15:45те Бангокто авариялык конуш жасады.

Жаралангандарга Таиланддагы жергиликтүү органдар менен бирге тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак 11 миң метр бийиктиктен 3 мүнөттүн ичинде 9 миң метрге ылдыйлаган.

Фото: Reuters

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх