Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды

Чечим 28-майда күчүнө кирет

Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинанын көз карандысыздыгын тааныды.

Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу боюнча билдирүү бүгүн Норвегиянын өкмөтүнүн сайтында пайда болду. Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Сторе бул чечим 28-майда күчүнө кирерин билдирди.

Ирландия менен Испания да ушундай эле билдирүүлөрдү жасашты.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Сторе "согуштун ортосунда, он миңдеген адамдар өлүп, жарадар болуп турганда" палестин-израилдик жаңжалдын жалгыз саясий чечими Израил менен Палестинанын эки башка мамлекет катары жанаша, тынчтыкта жана коопсуздукта бирге жашоосу болушу мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары БУУга мүчө 193 өлкөнүн 130дан ашыгы тааныган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх