Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев Ирандын президенти менен расмий коштошуу аземине катышты

Тегеранга бир катар өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келишти

Президент Садыр Жапаровдун атынан Ирандын каза болгон президенти Ибрагим Раиси менен Тегеран шаарында өтүп жаткан расмий коштошуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Бакыт Төрөбаев Иран тарапка Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан көңүл айтуусун айтты.

 

 

Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистандын, Тажикстандын президенттери, Азербайжандын премьер-министри, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Орусиянын спикерлери, Белоруссиянын тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет өлкөлөрдүн жогорку кызматкерлери келишти.

Эске сала кетсек, 19-майда Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана өлкөнүн башка жогорку даражалуу өкүлдөрү бараткан тик учак кулап түшкөн. Раиси Чыгыш Азербайжан провинциясындагы Аракс дарыясынын жээгиндеги Гиз-Каласи плотинасынын ачылыш аземинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуудан кайтып келе жаткан. Учакта ошондой эле тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан, Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз провинциясынын аятолласы Али Хашим болгон.

Учкандан 30 мүнөттөн кийин тик учак кулап күйүп кеткен. Борттогулардын баары каза болгон.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх