Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

3-июнда сейрек учуроочу планеталардын чоң парадына күбө боло аласыз

6 планета түз тилкеде тизилип, асманда көрүнөт

3-июнда жердештер сейрек кездешүүчү жана укмуштуудай окуяны – планеталардын чоң парадын көрө алышат. 6 планета түз сызыкта тизилип, асманда көрүнөт.

Күндүн жанында анын бир тарабында Юпитер, Меркурий, Уран, Марс, Нептун жана Сатурн болот. Бирок астрономдор байкоолор асмандагы бардык планеталар Күнгө жакын болоору менен татаалдашаарын белгилешүүдө. Көрүү үчүн эң жакшы шарттар күн чыга электе болот.

Бул кубулушту дүйнөнүн ар кайсы бурчунан байкай алышат.Таң атканга чейин Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун асманда тизилет. Аларды жөнөкөй көз менен көрүүгө боло тургандыгы, ал эми Уран менен Нептунду көрүү үчүн телескоп же күчтүү дүрбү керек болоору белгиленген, деп билдирет AiF.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх