Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сауд Арабиясында ажылык учурунда каза болгон зыяратчылардын саны 1,3 миңден ашты

Каза болгондордун көбү улгайган адамдар жана ошондой эле өнөкөт оорулар менен жабыркагандар

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгон зыяратчылардын саны 1,3 миңден ашканын Королдуктун саламаттыкты сактоо министри Фахд бин Абдель Рахман аль-Жалалел билдирди.

«Ажылык учурунда каза болгондордун саны 1301 адамды түздү, алардын 83%ынын тиешелүү визасы жоктор», - деди ал.

Министрдин айтымында, өздүгү такталган бардык каза болгон зыяратчылардын сөөгү Меккеде коюлду.

«Каза болгон зыяратчылардын көбү улгайган адамдар жана ошондой эле өнөкөт оорулар менен жабыркагандар. Көбүнчө өлүм суусуздануу жана катуу ысыктан физикалык чарчоодон улам болгон», - деди чиновник.

Жетекчи ошондой эле жабыркаган 465 миң зыяратчы медициналык жардам алганын, анын ичинен 141 миңи ажылык визасы жок экенин кошумчалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх