Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чаарат» чындап эле официалдуу түрдө «Кумтөр Голд Компанини» сатып алууну сунуштады

Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынын официалдуу арызы

Массалык маалымат каражаттарында  жарыя болгондой Centerra Gold компаниясы менен Кыргыз Республикасынын ААК «Кыргыалтын» келишими, ошондой эле бир катар социалдык тармактардагы  талкуулоолорго ылайык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясы билдирип коюуну эп көрөт :

2018-жылдын 26 - мартында «Чаарат» компаниясы Центерра компаниясына Кумтөр Голддогу Кыргызстандын активдерин сатып алууну көздөйт.

Чаарат компаниясы соц тармактагы жазылган статьялардагы ойлордон алыс, бирок кээ бир жерлеринде автордун оюменен макул болот. Көптөгөн чыгарылыштардагы ачык булактардан алынып келтирилген цифралар Центеррага болгон сунуштун кызыктуулугун тастыктайт. Кеп бир гана Кыргыалтынга төлөнчү дивидендде болуп жаткан жок, андан он эсе көп боло турган түшө турган пайда тууралуу болуп жатат. «Чаараттын» сунушуна ылайык  акчанын эркин агымы 100% Кыргызстанда калат. Ал үлүш түрүндө жана кенди иштетүүгө салынган инвестиция катары Кыргызстан тарапта калат. Анын эсебинен кызылташ участогун эксплуатацияга киргизүү тездетилет, анын артынан эле Түлкүбаш участкасы ишке кирет. Башкача айтканда жүздөгөн миллион долларлар Кыргызстандын экономикасына кирет. Мунун аркасы менен миңдеген жумушчу орундар пайда болуп, өлкөнүн экономикалык жана социалдык кырдаалы оңолот.

«Чаарат» ал чыгарылыштагы авторлордун ар кандай деген ойлоруна жана ыктатууларына жооп бербейт. Биз алардын комментарийлерин жана статьяларын өздөрүнүн абийирлерине коёбуз.

«Чаарат» ошол официалдуу түрдө билдирген максаттан башка эч кандай максатты көздөбөйт. Сунушталган иштер мыйзамды сактоо менен ММКда бардык экономикалык мамилелер ачык жарыяланып, эки жакка тең пайдалуу бүтүмдөрдү чагылдырып турат.

«Чаарат» ушул чыгарылыш менен ишке ашырыла турган иштер тууралуу аркандай талаш тартыштарга жана сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирет.

«Чаарат» компаниясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх