Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Центерра» компаниясы менен кыргыз тараптын ортосунда талаш күчөдү

Акыркы келишимди түзүү күнү эки жолу жылдырылган болчу, эми 22-июнга белгиленди

«Центерра Голд Инкорпорейтед» менен Кыргыз Республикасынын саясий лидерлеринин ортосундагы жаңжал күч алды.

Былтыр күзүндө алтын казуучу компания Торонтодогу штаб квартирасында Кыргызстан бийлиги менен экологиялык, укуктук жана башка талаш маселелерди чечүү келишимине жетиштик деп билдирген эле. Бирок акыркы келишимди түзүү күнү эки жолу жылдырылган жана бул жолу 22-июнга белгиленди.

Шейшемби күнкү кыргыз жаңылыктар түрмөгүндө Кыргызстандын апрель айында кызматка киришкен премьер-министри келишимди кайрадан окуп чыгып, парламенттин кароосуна коёт деп билдирет.
Бул түзүлгөн кыйын кырдаалды «Центерра» компаниясы менен Британиялык компаниясынын  ортосунда Кумтөр кени үчүн күрөш да коштойт. Ошону менен бирге эле компания баарына белгилүү болгон алтын кенинен түшкөн каражатты Кыргыз Республикаснын экономикасына  реинвестициялоону элдерге убада кылуу ыкмасын колдонот.
Тескерисинче, «Центерра» компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Перри компания өзүнүн акчаларын Кыргыз Республикасынан сырткары аймактарда тоокен иштетүү ишканаларын курууга жумшап жаткандыгын, тагыраагы Британдык Колумбияда, жана Түркияда деп белгилейт. Ал эми 2017-жылы Кумтөр кенинде 563 000 унция алтын өндүрүлгөн, бул деген компаниянын жалпы каражатынын 70 % түзөт.

«Чындыгында биздин бул кадамыбыз биздин концепциябыздын негизи болуп саналат» , - деп билдирди май айында Перри акционерлерге. «Биз башка келечеги бар булактардын санын көбөйтүп , өркүндөтөбүз, азыркы түзүлгөн кырдаалды биз геосаясий тобокелчиликке ыңгайлашууга шарт тузүп берет деп эсептейбиз жана бул биздин компаниянын финансылык көрсөткүчтөрүбүздө чагылдырылышы керек» .
«Центерра Голд» компаниясынын өкүлү Джон Пирсон шаршемби күнү акыркы келишим түзүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аталбаган кылмыш ишин иликтөөнү аяктоосун жана жер пайдаланууга бир нече уруксат алууларды күтүп калгандыгына байланыштуу токтотулган.

«Биз келишимди жыйынтыктоонун үстүндө иштөөнү улантабыз», - деди ал.  

Пирсондун сөзү боюнча, Перри Кыргызстанга жаңы премьер-министр менен жоолугуп жана ар тараптуу келишимдерди талкуулоого келген.

Былтыр сентябрда жарыя болгон келишимдин алкагында «Центерра» эч кандай тартип бузууну моюндаган жок, бирок 50 млн. доллар төлөп берүүгө макул болду. Ага кошумча табиятты коргоо фондуна 2,7 млн. доллар жана онкология кызматын колдоо Фондуна 7 млн. АКШ долларын төлөп берүүгө макул болду.
Ал арада Кыргыз Республикасынын өкмөтү компанияга койгон экологиялык дооматтардан баш тартканга макул болуп жана кенди иштеткен «Центерранын» жардамчы компаниясынын башкы компанияга акча каражатын өткөрүп берүүсүн чектеген соттун токтомун  жок кылат.  

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков апрелде «Центерра» менен келишим түзгөндүгү үчүн кармалып, коррупция боюнча айыпталып камалган болчу.

«Азаттык» радиосунун билдирүүсүнө таянсак, кээ бир депутаттар бул келишим алар менен макулдашылбай туруп түзүлгөндүгүн, «Центерра» менен болгон талашта кыргыз тарап уттурду дешкен.
Апрелде «Центерра» Чаарат Голд Холдингз Лимитед компаниясынын (Chaarat Gold Holdings Ltd.) сунушуна макул эместигин жарыя кылган. Сунуш кылынган шартка ылайык, «Чаарат» «Центеррага» 400 млн. доллар накталай акча төлөп бермек. Бирок бул компания өзүнүн каржылоо булактарын алиге чейин ачыктай элек.  
«Центерранын» Кыргыз Республикасына тийешелүү акциясынын баасы 400 миллион долларды түзөт, аны кайра «Центеррага» кайрып берип, ордуна «Чаараттын» акцияларын алуусу керек. Ал эми «Чаарат» болсо кенди казуудан түшкөн пайданын 50% ээ болот.   

«Биз чындап эле кыргыз тарапты колдой турган таза бүтүм болсо дейбиз», - дейт «Чаарат» компаниясынын директору Артем Волынец.

А. Волынец, 2010 - жылдан 2013 жылга чейинки аралыкта En+ холдинг компаниясынын Башкы аткаруучу директору иштеген, бул компания россиялык миллиардер Олег Дерипаскинин көзөмөлүндө турат.
«Центерранын» акциялары башка  компаниялар тарабынан соодаланбайт, анткени ал акциянын ээси,- дейт ал.

Перри мырза бул маселе боюнча макул болсо керек.  Financial Post  берген марттагы интервьюсунда  ал : Кумтөр боюнча айта турган болсок, аймагы боюнча ал өтө деле оңтойлуу эмес. Базарда бул активдерди толугу менен эсептебейт.

«Центерранын» активдеринин баасы Торонтонун биржалык фондунда 2,3 % арзандап кеткен. А. Волынец «Кумтөр» кенине киришүүдөн мурун коомдук талкууга коёрун белгилеп кетти.
«Центерра» компаниясынын ишмердүүлүгүнө көз жүгүрткөн каржы талдоочулары «Чаара» менен болчу бүтүмгө анча ичтери чыкпайт. Өткөн жумада Канаданын соода империялык банкынын талдоочулары (Canadian Imperial Bank of Commerce) бул сунуштун анчалык жакшы эместигин жазып чыгышты.
«Кутөрдү» сатуу башка жаңы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн «Центерранын» акча агымынын көлөмүн (эркин акча агымын) айбагандай төмөндөтөт,- деп жазышат CIBC талдоочулары.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх