Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас областында митинг башталды

Жергиликтүү тургундар «Полюс Голд Кей Джи» кытай компаниясы Үрмарал дарыясынан алтын казып, алардын иче турган суусун булгап жатканына нааразы

Өнөр жай, энегетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитети Талас облусундагы иче турган суунун булагынан алтын казууга уруксат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Таласта элдик толкундоолор бышып жетилди.

- Бакай-Атада митинг башталды, дейт ал. Биздин кен иштетүү боюнча комитетибиз иче турган суунун башынан алтын казууга уруксат берип койду. Ал жерде уулуу заттар бар, аны элдер ичиши керекпи ? Биз болсо элди таза суу менен камсыздоону грант аркылуу ишке ашырып жатабыз го. Жыйынтыгында башаламандык болуп атат.
Андан сырткары Рысалиев укук коргоо органдарына ӨЭКМК чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү зарыл дейт.
Парламенттин спикери Дастан Жумабеков өз кезегинде Таласта кытай компаниясы уруксат документи жок эле алтын каза баштаганын айтты.

- Биз ал компания уруксаты жок алтын казып, экологияны бузуп жаткандыгын билдик. Өкмөт текшерүүгө тапшырма алды, деди ал.

Vesti.kg сайтынын редакциясынын маалыматына ылайык, Бакай-Ата районунун тургундары «Полюс Голд Кей Джи» компаниясы Үрмарал дарыясынан алтын казып жатканына нааразы экендигин белгилей кетели.
Алар экологияга зыяны тиет деп кооптонушат, андан чыккан химикаттар сууга түшүп, ошол өрөөндүн баары ичет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх