Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Глобал Ширальджин Майнинг» башчысын Бакай-Ата районунун көк бөрү Федерациясынын вице-президенти кылып дайындашты

Тоокеништетүү компаниясынын Башкы директорун райондун акими жана аксакалдар куттукташты

ЖЧК «Глобал Ширальджин Майнинг» жетекчиси Виктор Межеловскийди Талас облусунун Бакай-Ата районунун көк бөрү Федерациясынын башчысы кылып дайындашты.

Салтанаттуу түрдө дайындоо 2018-жылдын 24-июлунда  Бакай-Ата районунда болду. Иш чарага райондун акими Чолпонкул Төрөкулов, райондук көк бөрү Федерациясынын президенти Медеркул Дүйшөнкул уулу жана айыл аксакалдары катышты.

Чолпонкул Төрөкулов  Межеловскийге вице-президенттин күбөлүгүн берип, калпак, чепкен кийгизди.


Компаниянын башкы директору Виктор Межеловский Vesti.kg сайтына бул спорттун түрүнө кандай мамиле кылаары тууралуу айтып берди.

- Мен үчүн бул спорттун жаңы түрү, - деп мойнуна алды ал. - Мен улакта борлдум, чынында эле бул кызыктуу оюн экен. Ишеним арткандарына чоң ыраазычылык билдирем.

Межеловский адегенде ага райондук көк бөрү Федерациясынын президенттигин сунуш кылышкандыктарын айтты. Бирок Виктор макул болгон эмес, анткени ал компаниянын жетекчиси болгондуктан буга убактысы борлбой калышы мүмкүн.

- Мнин негизги ишиме байланыштуу убактым болбой калышы мүмкүн, - деп аяктады ал.



Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде «Глобал Ширальджин Майнинг» көп жылдан бери районго материалдык жардам көрсөтүп келе жаткандыгын белгилеп өттү.

- Виктор Игоревич ар кандай майрамдык иш чараларда катышып, каржы жагынан көмөк кылат, - деди ал.

- Мурда райсмий катталган көк бөрү федерациясы жок болчу. Адамдар чогулуп Межеловскийге жардам сурап кат жазганбыз. Ал жардам берем деди.


Бакай-Ата районунун көк бөрү Федерациясы 2018-жылы 16-июлда түзүлдү. Президенти болуп Медеркул Дүйшөнкул уулу дайындалды. Ал мурда  Бакай-ата спорт комитетин 8 жыл жетектеген.

- Бизде жаш, курч балдар бар, биз аларды республикалык деңгээлге алып чыгышыбыз керек, - дейт федерациянын башчысы.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт Vesti.kg


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх