Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жерүй» алтын кенин иштетүүчүлөрдү айына 100 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендиришти

«Альянс-Алтын» ЖЧК лицензиясынын ээси  ушу кезге чейин фабриканын жана таштанды сактоочу жайдын курулушун баштаган жок. Бирок компания айып пулду эмнегедир төлөбөй жатат

Мурдараак Vesti.kg сайты «Альянс-Алтын» компаниясынын алтын иштетүүчү фабриканы жана «Жерүй» кениндеги таштанды сактоочу жайды куруу мөөнөтүн бузуп жаткандыгын билдирген.  Компания обьекттерди курууну 5 айдан ашуун убакытка создуктурду. Курулуштун мөөнөтү конкурстук негизде аныкталган болчу. Жыйынтыгында «Альянс-Алтынга» 5 ай кечиктиргендиги үчүн 500 миң доллар айып пул салынган эле.

Vesti.kg сайты ал 500 миң доллар Мамэкотехинспекция менен болгон корутундунун негизинде салынган айып эле. Белгилей кетүүчү нерсе, түшүнүксүз себептерден улам мекеме жаңы корутунду чыгарган, анда курулуш жакшы, өз убагында жүрүп жатат деп айтылат. Мындай катачылык мекеменин алтын иштетүүчү компаниянын кызыкчылыгын көздөйт деген шек жаратпай койбойт.
 
Бирок, Мамлекеттик өнөр жай энерго өзүнүн чечимин өзгөрткөн жок. Баары бир "Альянс-Алтынды" 500 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди. Белгилей кетсек, компания бул сумманы төлөп берди.

Анткени менен компания курулуш обьекттерине чындап киришкен жок. Дагы эле белгиленген мөөнөттү бузуу менен иш токтоп турат.   Мамкомөнөржай энегро конкурстук шарттын талабын бекем кармап, айына 100 миң доллардан төлөгө милдеттендирди. Белгилүү болгондой, «Альянс-Алтын» Мамкомөнөржайэнергонун чечимине каршы Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылды.

Мамкомөнөржайэнергодогулар Vesti.kg сайтына компаниянын сотто айып пулду жокко чыгарууну сурангандыгын айтышты. Өтүнүч каралып бүтө элек, бирок айып пулду төлөтүү токтоп турат. Жыйынтыгында «Альянс-Алтын» үч айдын төлөмүн бербейт, башкача айтканда 300 миң доллар.

- Алар айып санкциясын токтото турууну суранышты, соттун чечими чыкмайынча бул чечимди токтото турууну айтышты.

Мамкомөнөржай энергонун позициясы менен геологдор бирикмесинин мүчөсү Ленур Хасбулатов да макул болду.

- Ал компания башынан бери эле конкурска катышпай туруп бардык шарттар менен таанышкан болчу, - деди ал. - Ошондуктан лицензиянын ээси кабыл алынган бардык талаптар тууралуу кам көрүшү керек эле.

Андан сырткары ЖК депутаты Талант Мамытов да Жерүйдөгү токтоп турууну түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп кетти.

«Бүгүнкү күндө ишкана ал жерге фабрика да, алтургай фундамент да куйган жок. Мен бул болуп аткан нерсенин мыйзамдуулугун кароону тийешелүү комитеттен өтүнөм. Мунун баары олуттуу коркунучтарды пайда кылат: биз Кумтөрдөгүдөй катачылыктардын кетишин калабайбыз», - деп спикерге кайрылды эл өкүлү.

Эске сала кетсек, алтын иштетүү фабрикасын куруда жана таштанды сактоочу жайдын курулуш мөөнөтү аткарылбаган учурда  компания айына 100 миң доллар айып пул төлөйт деп милдеттендирилген. Анын 70% республикалык бюджетке, ал эми 30% Талас областын өнүктүрүү фондуна кетмек.


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх