«Альянс Алтын» АИФ жана таштанды калдыктарды жайды калктуу пункттардын жанына курабы?
Эколог: Норманын бузулушу айыл чарба продукцияларынын жабырланышы менен коштолот
Экология - өтө аялуу нерсе жана бул маселе дайыма курч бойдон келе жатат. Айрыкча кен байлыктарды иштетүүгө келгенде бул маселеге кайрылууга аргасыз болушат. Ошондуктан алтын иштетүүчү фабрика сыяктуу обьекттердин курулушунда бардык стандарттарды сактоо зарыл. Айрыкча анын колдонуу технологиясына жана анын кесепеттерине көңүл буруу талап кылынат.
Мисалы, «Альянс Алтын» компаниясы техникалык долбоорунда калдыктарды сактоочу жайды «жарым кургак» кылып сактоо технологиясын колдонгону жатат.
Калдыктарды сактоочу жай иштетилген руданы жыйноо үчүн зарыл. Эреже боюнча, руданы иштетүүдө цианид колдонулат.
Илимий адабияттарда белгиленгендей, калдыктарды жыйноо кээ бир кыйынчылыктар менен коштолот. Кыш мезгилинде ал жер тоңот, жайда болсо ээрийт.
Уулуу заттарды өзүнө камтыган чаңдын таркашы айлана чөйрөгө коркунуч алып келиши мүмкүн. Ушул себептүү, буга окшогон обьектилер эл шаган жерден жана алар колдонуп, иче турган суудан, пайдаланыша турган жерден обочо жакта болушу керек.
Кыргыз Республикасынын санитардык нормасына ылайык, АИФ 1 км. айланасында жана калдыктар сакталуучу жайдын 500 метр айланасында санитардык коргоо зонасы болуу керек.
АИФ курулушунун техникалык долбоорунда Жерүй кенинин калдык сактоочу жайы Кара-Ой калктуу пунктунан 2 км. жана Сасык-Булак калктуу пунктунан 3 км. алыстыкта жайгашуусу айтылган. Ал 2016-жылы октябрда айлана чөйрөнү коргоо Мамагентствосунан оң жыйынтык алган болчу.
Анткени менен айыл чарбага иштетилчү жер менен анын ортосундагы чыныгы аралык 200 гана метр.
Эколог Динара Кутманованын сөзү боюнча, мынчалык жакын аралык бир гана ал жердин жашоочуларына гана коркунучтуу болбостон алар өндүргөн айыл чарба продукцияларына да терс таасирин тийгизет.
- Эгерде норма бузулса, анда ал айыл чарба продукцияларынын бузулуусу менен коштолот, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына.
Бирок калдык сактоочу жайдын аралыгы экологдорду тынчсыздандырган жалгыз жагдай эмес, - дейт Кутманова.
- Ачык маалымат алууга бул тууралуу маалыматтар аз, деди эксперт. - Бул тууралуу көптөгөн эксперттердин катышуусундагы талкуу менин эсимде жок. Ошодуктан мындай көйгөй элдерди тынчсыздандырат, анткени аларга маалыматтын жетпей жатышы жаман нерсе менен коштолушу мүмкүн. Жерүй да экинчи Кумтөр болуп калышы мүмкүн, анткени элдерге убагында эч ким айткан эмес мөңгүлөр ээрип жок болоорун.
Кутманов жергиликтүү тоо кен иштетүү тууралуу маалымат таптакыр эч кимге жетпей жатат деп ишенет.
- бардык кендер тууралуу болбосо да, жок дегенде беш чоң кен тууралуу сайттарда билдирүү жасап турушу керек, - дейт ал. - Жерүй мааниси боюнча Кыргызстанда экинчи тоо кени болуп саналат.
Ошондуктан мындай деген суроо туулат: эмне үчүн компания мынчалык калктуу пунктка жана алар иштетүүчү жерге жакын аралыкка курулуш обьекттерин курууну чечти?
Андан сырткары, алардын мал жайчу жерлерине жана иштетчү талааларына жакын жерге АИФ жана калдык сактоочу жай курулаарын маалымдашты беле?
Ал жерде сактала турган цианиддин калктуу пункттарга жана алар иштетчү жердерге боло турган таасири эсепке алынды беле? Иштетилчү жерге жана калктуу пункттарга чаңдын таркашынын күтүлүшү барбы? Аймактын экологиясынын бузулушуна ким жоопкерчиликти алат?
Бул маселелерди баарын жергиликтүү тургундар менен талкуулашат деп ишенебиз. Анткени өз убагында маалымдоо жана туура чечимдерди кабыл алуу Жерүйдүн толук кандуу ишке киришин камсыз кылат эмеспи.
Сүрөт www