Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Центерра Кумтөрдүн бардык ширесин соруп болуп, Кыргызстандан кетүүгө камынып жатабы?

Канадалык компаниянын Кыргыз Республикасынан кетүүгө даярданган операциясынын далилдери

Кумтөр - биздин баарыбыздын оорубуз. Оору - бул дарт. Ал дарт деген баарыбызга белгилүү болгондой адегенде белгилери пайда болот, бул жакшы нерсе. Анткени илдеттин белгилери жок болсо демек адам ден соолукта болот. Тилеке каршы бул жерде андай болбой жатат. Жакында Кумтөрдүн тарыхы кайгылуу аяктаганы жатат. Алдын ала айта алам, кетүү тууралуу сөздү Центерра өзү баштаган. Анткени ал Кумтөрдүн таттуу жерин жеп бүттү. Эми мындан ары техникалык, технологиялык, экологиялык жана башка көйгөйлөр чыга баштайт. Алар азыр деле бар, бирок аларды жок кылуу мүмкүн эмес же өтө кымбат турат.

Келгиле кээ бир белгилерди анализдеп көрөлү.

Кумтөр бүгүнкү күдө - эү биринчи карьер. Бул карьер өтө куулук менен жасалган, бул канадалыктар ойлогондон да көп алтын алууга жол берди. Тереңдиги 1 километр болгон аң. Карьердин иштөө мөөнөтү 4-5 жылга деп ылайыкталган. Бүгүнкү күнү аны иштетүү оңойго турбайт: жумуштун коефициенттик катышы 25:1, башкача айтканда 1 тонна руда алуу үчүн 25 тонна кум алыш керек. Ал эми жакныда бул коефициент 40:1 болот же 50:1 болуп калат. Мындай катышта экиномикалык пайдалуулук төмөндөйт же таптакыр эле пайда алып келбей калат. Тоодогу кум ташуучу машиналар ар бири 4 же 5 миллион турат, мындай мөөнөтү аз калган карьер үчүн аларды ким сатып алмак эле?

Бирок бул деле эч нерсе эме: карьердин үстүндө мөңгү бар. Ал бир эле көз ирмемде талкаланып кетиши мүмкүн болуп турат. Ошону менен карьрден айрылабыз, карьр го жерге кирсин, андагы адамдарыбыз эмне болот? Ошондо Центерра эмне кыла алат? Баары эң жөнөкөй: карьер мөөнөтүнө жетпей калышы мүмкүн, ошондуктан Центерра руданы мүмкүн болушунча көп казып, мүмкүн болушунча алтыны көп руда алууга бой уруп жатат. Бул жырткычтык менен өндүрүүчү ыкма high-grading экендигин тактабай эле коёюн. Эгер ошо чын болсо, анда карьрди пайдалануу мөөнөтү кыскарат да, руданын көп бөлүгү казылбай калат. Бирок анын мөөнөтү баары бир кыскарат. 1-2 жылдын ичинде Центерра Кумтөрдүн каймагын алып, өзүнүн активине кошот да кетет. Ал эми Кыргызстанга орду толгус жоготуу болот. Биз ушул жерден Центерранын Кыргызстандан кетүүгө камынып жаткандыгына далил таба алабызбы?

Бул кылынып жаткан иштерге карап, биз алардын көркоолук кылып жатканын байкообузга болот: алтындын корун тандап казып алганда калып калган руданы кийин казуу пайда алып келбей калат. башкача айтканда кйин бул карьерди иштетүүгө болбойт. Эгерде мөңгү келип карьрге түшө турган болсо, анда болду, баары бүтөт.
Бул учурда тажрыйбалуу кенчилердин эмне кылаары белгилүү. Кошумча башка кен чыккан жерди издей баштайт, же жер алдындагы калган кенди иштете баштайт. Центерра геология менен көп жылдардан бери олуттуу алектенбей калган. Анын бул маселе кызыктырбайт. Мына ушунун өзү Центерранын Кыргызстандан кеткенге даярдыгына далил.
Жер алдындагы руданы иштетүү да өз жолу менен эмес. Центерра эки жер алдындагы иштетүүнү өттү, ага 200 миллион коротту. Бирок жыйынтык болгон жок. Жер алдында иштетүү алардын ойлорунда да болгон эмес. Бул жөн эле отчет үчүн бизди алдоо болгон. Мындан ар жалаң гана суроолор жарала турган жагдай. Эмне үчүн үңүгөн жери 25метр болуп башталган? Бул атайылап каржылык кыйынчылыкка тушуктуруп, Кумтөрдүн өнүмдүүлүгү азайтып көрсөтүү болуп жүрбөсүн? Биздин эсибизде Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү 33% , андан соң 26,6 түштү. Эми мындан ары 0% түшөөрүнө ишенип коё бергиле.

Ал эми Кумтөрдөгү алтындын кору дагы 15-20 жылга жете турган калып жатат. Бул деген 200 тонна алтын деген болот. Андан сырткары алтынды коштоп жүрчү башка баалуу металдар да бар. Максат ка ылайыктуу эмес ишке 200 миң доллар коротуунун өзү Центерранын Кыргызстандан кетүүгө камынып жаткан операциясына күбө болот.

Центерра Кыргызстандан алтынды уурдап чыгарып кетип жаткандыгы жашыруун сыр деле эмес. Центерра 2015-2017 жылдары Кыргызстанга дивиденд бөлбөй эркин акчанын агымын Кыргызстандан чыгарып кеткен. Бул деген дээрлик 600 миллион доллар (!!!). Бизге бир доллар да калтырган жок. Эми бир аз акча калтырды, ал биздин үлүшүбүз эмей эле итке сөөк ыргыткандай кемсинте турган үлүш болчу. Биздин Кумтөрдөгү үлүшүбүз 50% кем эмес болушу керек. Мен бул тууралуу көп айттым. Азыр мен жөн гана сурап жатам эркин каражаттардын агымы жана көптөн бери жакшы пландалган операция Кумтөрдүн Кыргызстандан чыгып кетүүсүснө далил болуп бере алабы ?  Биздин жомоктогудай жашообузга кереги тийчү дивиденддер тууралуу да мурда жазгам. Мындайча айтканда биздин үйүбүздө иштеп жатышып бизге дивиденд калтырбай кетишти, мунун баары бизден көз каранды нерсе болчу. Ушундан соң биздин кимге керегибиз бар?

Эгерде бул фактылар аз болсо? Анда дагы бар: Центерра кызматкерлери менен түзгөн келишимдү узартпай жатат, алардын мөөнөттөрү бүтүп калган. Ушунун айынан Кумтор менен кесиптик бирикменин ортосунда жаңжал чыкканы жатат. жакында иш таштоо болушу мүмкүн. Бул да далил болбойбу?

Деги эле компания биздин байлыктын таттуу кесиминен ооз тийген Центерра Жерүйгө да, Талды-Булакка да , башка дагы кен чыкчуу жерлерге кызыкпай жаткандыгы  силерге таң калаарлык эмеспи. Алардын Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жайылтуусу бизге ишеним алып келмек. Бирок алар анткен жок. Алар оңой жемди гана жеп, Кыргызстанды көп жылдык өнөктөш катары караган жок.

Жогоруда жазылгандарды иликтеп көрүп, мен мындай жыйынтык чыгардым:

Кумтөрдүн жер алдындагы кенди иштетүүсү өтө татаал техникалык баш оору, ошону менен катар аз пайда алып келет;

Бул маселени чечүү Центерранын оюнда да жок;


Кыргызстан Центерра үчүн оңтойлуу өнөктөш болуудан калды, ага жардам берүүчү акаевдик, бакиевдик мезгилдер өтүп кетти;

Центерра Кумтөрдүн акыркы ширесин соруп бүтүп Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөп турат;

Эң акыркы жан кейиткен жыйынтык: өкмөт, депутаттар бири да Кумтөр көйгөйүн чечүүнү каалабайт. Биздин акчаларыбыз экинчи таптакыр кайтарылбай турган ьолуп Кыргызстандан чыгып кетип жатат!

Урматтуу биздин атка минерлер, силерге эмне боду? Мындан артык дагы эмне болуш керек эле? Центерра силердин аракетсиздигиңерге кубанып миллиондорду ташып кетип жатат.

( Vesti.kg сайтынын редакциясынын ою бул статьянын авторунун көз карашы менен бирдей эмес)

Искен Жаныбеков, көз карандысыз эксперт
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх