Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтогул ГЭСинде энергетикалык кыйроо болушу мүмкүнбү?

Эксперттин пикири боюнча, бузулган жерлерди оңдогонго азырынча мүмкүнчүлүк бар. Бирок «Электр станцияларынан» кырдаал көзөмөлдө экендигин билдиришти

Энергетика тармагында көз карандысыз эксперт Расул Үмбөталиев Токтогул ГЭСиндеги авариянын себебин аныкташ үчүн комиссия түзүүнү сунуштайт. Кышында болуп кетүүчү энергетикалык кыйроонун алдын алууга мүмкүнчүлүк бар экендигине эксперт ишенет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Коомдук ишмердин сөзүнө карганда, Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттарга болгон күч келүү азырынча аз эле, кышында эки эсеге көбөйөт.

- Кышында энергетикалык кыйроо болуп, өлкө бүтүндөй электр энегиясысыз калышы мүмкүн, - дейт ал. - Ошондуктан азыртан баштап аракет кылбасак Бишкек ГЭС мунун жанында кеп болбой калат.  Аракет кылышкандын ордуна мени душман катары эсептеп жатышат кээ бирөөлөр. Чара көргүлө, азырынча мүмкүнчүлүк бар. Алар болсо укук коргоо органдарына мага карата чара колдонушсун дешет.

Умбөталиевдин пикири боюнча, бир эле иштен чыккан винт системанын токтошуна жетиштүү болот.

- Эгерде сиздин машинаңызда карбюратор иштебесе, машина жүрбөйт, - деп ал мисал келтирет. - Гидроагрегат жана блоктун трансформатору абдан маанилүү, алар суткасына 7 миллион 200 миң киловатт энергия иштеп чыгаршы керек. Башкача айтканда жалпы электр энергиясынын 40 % Токтогул ГЭСи иштеп чыгарат. Азыр гидроагрегаттарга күч келүү минималдуу эле, кышында эки эсеге өсөт. Ошондуктан чыңалуунун көбөйүшү менен авария жана күйүп кетүү  болушу ыктымал.

Эксперт «Электр станцияларынын» билдирүүсүнө да жооп кылды, анткени алар аны кышкыга даярдыкты үзгүлтүккө учуратты деп айыпташкан.

- Алар мени дароо эле калпычы, такталбаган маалымат таркатып жатат деп айыпташты, анан үч сааттан кийин, чындап эле ал жерде бузулгандыгын аныкташты, - деп кошумчалады ал. - Бузулганы - ошо аварияга учураганы да.  Ошондуктан мен дагы кайталайм: ал жердеги бир эле болт же винт иштебей калса, демек ал авариянын белгиси.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов да Токтогул ГЭСинде баары жайында дегенге ишенбейт. Анткени премьер-министр Мухаммедкалый абылгазиев Нарын ГЭС каскадын кыдырганда анын айланасында бир да энергетик болгон эмес, анын курамында Токтогу, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2  4 ГЭСтери бар.  

«Ал эми Токтогул ГЭСи боюнча сөз кыла турган болсок, биз 510 миллион доллар кредиттин акчасын анын трансформаторлук подстанциясына кортокону жатабыз. Эгерде көйгөй анын 34 жылдан бери тынымсыз иштеп жаткан гидроагрегаттарында болгон болсочу? - деп жазат Мамбетов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына. - бул акчага комплекстүү ремонт кылуунун ордуна биздин кесипкөй дилетанттарыбыз станциянын айрым бир бөлүгүн гана оңдоону көздөп жатышат».

Ал же энергетика министри, же ЖК ЖЭК боюнча департаментинин төрагасы Камбар-Ата ГЭС-2 курулушун аяктоо тууралуу сөз кылышпагандыгын көрсөттү. Ал курулуш 43 жылдан бери жүрүп жана бүтпөй жатат.

Ал ортодо ААК «Электр станцияларынын» пресс-кызматы Vesti.kg сайтына азыркы учурда Токтогул ГЭСинде үч көз карандысыз комиссия иштеп жаткандыгын билдиришти.

- Биз Умбөталиевдин кышында энергетикалык кыйроо болот деген сөзү чындыкка дал келбегендигин жаздык, - деп билдиришти андагылар. - Комиссиядан сырткары ал жерде такай Мамэкотехинспекция иштейт. Анын үстүнө Умбөталиевдин сөзүнөн кийин ал жерге дароо премьер-министр барды. Андай нерсе болсо жашыра албайсың да. Элди калп эле дүрбөтө бериштин эмне кереги бар.

Эске салсак, мурдараак Расул Умбөталиев Vesti.kg сайтына Токтогул ГЭСинде ири авария болгондугун айткан болчу.

ААК «Электр станциялары» бул маалыматты төгүндөдү. Аппарат жөн гана аз өлчөмдө иштеп, толук кубаттуулугу сакталуу бойдон тургандыгын билдирди.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх