Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Centerra «Кумтөрдү» сатуу боюнча кытайлык Shadong Gold компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы?

Тийешелүү меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлуп бүтүп калды деген маалыматтар бар

Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилиги  Shadong Gold кытай компаниясы менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, албетте компаниянын Кыргызстанга тиейешелүү эмес бөлүгүн сатканы жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына  «Кумтор Голд Компанинин» азырынча иштеп жаткан кызматкерлери билдирди.

«Эгерде бул соодалашуу ишке аша турган болсо, кытайдын «Шандун Голд» компаниясы 73,4 пайыз «Центерранын активдерине ээ болот да , өз кезегинде «Кумтөр» компаниясын 100 пайыз башкара алат. Кумтөр иш жүзүндө кытайлардын колуна өтөт», - деп билдиришет алар. 

Ошондой эле кызматкерлер «Шандунь Голд» Golder Associates кенге техникалык аудит жүргүзүү үчүчн жалдап алышкандыктарын айтышты. Башкача айтканда, алардын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр ишке ашып жатат, меморандум, келишимдерге кол коюлуп бүтүп калды.

«Муну ММКдагы бир нече чыгарылыштар ырастайт, анткени алар болжолдуу түрдө «Центерранын» жетекчилиги «Кумтөрдөн» качканы жаткандыгын бир нече ирет жарыялашкан. - Эми «Центерра» толугу менен өзүнүн геология менен алектенгиси келбегендигин ачыктады. Алар кендеги калган алтындын калдыгы менен иштегиси келбей жатат.  Калп эле убакытты созуп» «Шандунь Голд» менен соодалашуу жүргүзүп жатат. Ниети Кыргызстанды алдап туруп качып кетүү».


Жумуштан бошотулган токен кызматкерлери алар эптеп эле эмгек келишимин токтотууну көздөп жатышкандыктарын айтууда. Алар муну Кытайдын арзан  жумушчу күчтөрүнө орун бошотобуз деп түшүндүрүп жатышат.


«Бизди, кыргызстандыктарды он жылдап иштеген орундарыбыздан айрып, башка бирөөлөрдү кйийиргени жатышат», - деп нааразы болот каттын автору. 

Элдер өкмөт сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын билет, бирок аракетсиздик кылып жатат деп шектенишет.

«Биз Кумтөрдөгү дагы бир кезектеги саткынчылыкка жол бербейбиз!», - дешет тоокеништетүү ишканасынын жумушчулары.

Редакциянын тактоосу:  Shadong Gold Кытайдагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган алтын өндүрүүчү компания. Мамлекет бул компанияны Шандунь провинциясынын өкмөтү аркылуу башкарат.

(Vesti.kg сайтынын редакциясынын көз карашы автордун көз карашы менен бирдей эмес)

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх