Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев ӨЭКМК ишин артка тартып жатабы?

Отун-энергетика боюнча комитеттинтөрагасынан дарыя нугундагы иштерге лицензия алуу боюнча жардам күтүп жатышат

Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктар» тууралуу жаңы мыйзамы чыккандан бери арыздар 500 болуп кетсе да кен байлыктар, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитети кен байлыктарды иштетүүгө укук берген бир да лицензия берген эмес.

Бул отун-энергетика комплексинин Жогорку Кеңештеги комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин күнөөсү. Эмне үчүн?

Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктар тууралуу»жаңы мыйзамы күчүнө киргенден бери 300 компания мыйзам алдындагы актыларды күтүп жатышкан лицензия алабыз деп. Жарым жыл өткөн соң кен байлыктарды колдонуу боюнча эреженин абалы акыры аныкталды.

Бирок, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар Мамлекеттик комитети бардык компанияларга лицензия берүүдөн баш тарткан чечим кабыл алды.
Белгилей кетүүчү нерсе, 14 пункт Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктар тууралуу» Мыйзамына каршы келет. Ошоентип, КР «Кен байлыктар тууралуу» мыйзамынын 22 беренесинин 8 пунктунда мындай деп жазылат: дарыя агымында жана жээктеринде, же көлмөлөрдо иш алып баруу үчүн арыз берүүчү арызга кошумча өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана айыл чарба Министрлигинин, тамак аш өнөр жайынын жана мелиорациянын макулдуктарын тиркеши керек.

14 пунктка ылайык, арызга болгон талаптардын бири «суу чарбагылыгы боюнча ый гарым укуктуу органдын макулдугу же баш тартуусу жана дарыя жээктеринде жана агымында ошодой эле көлмөлөрдө иш алып баруу үчүн, же кен байлыктарды колдонууга болгон укукту өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугун алуу».

14 пункттун талабы акылга сыйбаган нерсе эмеспи? Белгилүү болгондой, дарыянын нугундагы кен байлыктарды пайдаланууга лицензияны кум-чопо аралашмасына жана чачылган алтынга берет.

Бүгүн болсо суунун алдындагы жерге лицензия алуу үчүн суу ресурстары боюнча Департамент менен Кыргыз республикасынын ӨКМ макулдук алышы керек.

Ал эми бул эки орган болсо макулдук да, баш тартуу да бере албайт, анткени алардын ыйгарым укуктары жок. Ошентип, бир айдан ашуун убакыттан бери лицензия берүү боюнча чечимди кабыл алышкан жок.

Бул кемчиликтерди жок кылуунун ордуна өнөр жай жана энергетик Мамлекееттик комитети жөн гана арыздарга лицензия берүүдөн баш тартып кайра артка кетирип жатат.

ӨЭКМК өз иш аракети менен өкмөттүн бул багыттагы ишине жолто болуп жатат жана инвестициялык климатты өлтүрүп жатат.

Комитет бул багыттагы ишти токтотуп жатат. ӨЭКМК структурасындагы кен байлыктарды иштетүү боюнча саясий Башкармаылктын бардыгы да эч кандай жардам берген жок.

Мекеменин кызматкерлерине лицензияны берүүгө эмне жолто болуп жатат?

Өнөр жай энергетика Мамлекттик комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов бул кызматка парламенттин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевди алып келди деген маалыматтар бар. Чамасы, берилгендик кесипкөйлүккө караганда маанилүү окшойт. Бирок, андай болсо, эмнеге отун энергетика комитетинин төрагасы тоо кен иштериндеги көйгөйдү билип туруп ӨЭКМК башчысынын аракетсиздигине көз жумуп жатат?

Сергей Новиков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх