Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев уран казуу толугу менен коопсуз экендиги аныкталса гана уруксат берүүгө даяр

Премьер уран кениндеги иштерди экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканча  токтото турууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  «ЮрАзия Кыргызстанда» деген компаниянын ишмердүүлүгү маселеси боюнча чогулуш өткөрдү жана Кызыл-Омполдогу уран кениндеги иштерди экологиялык экспертизанын корутундусу чыкканча токтото турууну тапшырды.

Чогулуштун жүрүшүндө 2018-жылы бештин айынын отуз биринде түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кендин аймагындагы жергиликтүү калк, жергиликтүү депутаттар, ошондой эле табигый нурлануу фонундагы радиометрикалык ченөөлөрдү кылуу үчүн бир нече жолу чыгышкандары белгиленди. Иштин жыйынтыгында Таш-Булак кенинин Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында аралык отчет даярдалган.

Бирок, уран аянтын өздөштүрүү маселеси боюнча ар тараптуу  жана терең иликтөө максатында премьер-министрдин чечими менен 2019-жылы чын курандын он сегизинде экологиялык таасирдин тыкыр иликтениши боюнча мекеме аралык комиссия түзүлүп, ага кеңейтилген курамда бардык тийешелүү мамлекеттик органдар тартылган.

Мамлекет башчы комиссияны айлана чөйрө жан жаныбарлар жана адамдардын ден соолугнуна тийгизчү таасирлерине анализ жана мониторинг кылууну тапшырды.

Абылгазиев уран кенине байланышкан бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен болот деп баса белгиледи.

«Уран чыккан жерди иштетип жаткан компания 2004-жылы катталган, ал эми 2010-жылы болсо геологиялык чалгындоого уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ишин улантып келе жатат. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөө керек, анын ачык жана таза болушу үчүн ишке жогорку класстагы эксперттерди, депутаттарды, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү калктын өкүлдөрүн тартуу керек. Мүмкүн болушунча ишти ачык жана таза кылуу керек. Эгерде уран кенинин элдерге жана экологияга зыяндуулугу аныкталса, биз кенди иштетүүдөн баш тартышыбыз керек болот.

Комиссиянын корутундусуна карап, ал жерди иштетүү толугу менен коопсуз болсо, анда иштетүүгө болот. Ошондуктан мен комиссияга ишти таза, тыкыр жана калыс иликтөөнү камсыздоону тапшырам», - деди Абылгазиев.

Премьер экологиялык маанилүү маселе көтөргөн жарандарга ыракматын айтты.

«Экологияга жана адамдарга зыян келет деген маселеде эч кандай саясаттын болбошу зарыл. Анткени инвестиция маселеси, казынанын толушу жана жумушчу орундун түзүлүшү экинчи маселе.

Комиссиянын чечими бир гана экологияга жана адамдарга тийгизген таасирден көз каранды боло тургандыгын дагы бир жолу баса белгилеп кетейин.

Муну баарыңар так түшүнүшүңөр зарыл. Ошондуктан комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыккыча ал жердеги иш токтотулду. Компаниянын өкүлдөрү комиссиянын ишинде активдүү катышышы керек жана анын ишке ашышына ар тараптуу жардамдашат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.   

Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү ал аймакта эч кандай казуу иштери болгон жок жана комиссиянын ишинин жыйынтыгынан оңдуу жыйынтык чыкмайынча иш болбойт дагы.  

Тактоо иретинде: ЖЧК «ЮрАзия Кыргызстанда» деген компания Кыргыз Республикасында 2004-жылы катталган, 2010-жылы 2020-жылдын бештин айынын отуз бирине чейин жарактуу болгон лицензия алган, анын негизинде Кызы-Омполдо геологиялык изилдөөгө укук алган.

2013-жылы теке айынын онунда лицензияны уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү элемент жана талаа заттарына  геологиялык чалгындоо деп кайра каттаткан. Баары болуп 2012-жылы «ЮрАзия Кыргызстанда» инвесторлору геологиялык чалгындоо программасына 271 миллион сом салым кошкон. Компания Тоң районунун эң негизги ири салык төлөөчүсү болуп саналат.

Уран иштетүүгө ылайыктуу аймак деп Таш-Булак ачык кени эсептелет, ал жерге геологиялык чалгындоо кылынган. Таш-Булактын уран рудасы Кара-Балтадагы тоо кен иштетүу комбинатына бирден бир сырье даярдоочу булак болуп саналат, азыркы тапта ал сырьенун жоктугунан токтоп турат. Уран кенинде 250 жумушчу орундун даярдалышы ниеттелүүдө, ал эми Кара-Балтадагы то кен иштетүү комбинатта болсо 450 жумуш оруну түзүлөт.

 

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх