Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эколог: Уран кени боюнча комиссия чындыгында мыйзамды бузган же бузбаган чечим чыгарат

Профессор Эмил Шүкүров радиоактивдүү заттардын коопсуз казылышына ишенбейт жана бийлик жөн эле элди алдап жатат деп эсептейт

Өзүңүздөр күбө болгондой, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди уран кенинде комиссия жүргүзгөнгө көндүрүштү, бирок бул комиссия бир гана мыйзам бузат. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына эколог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген профессор Эмил Шүкүров билдирди.

- Кыргызстандын мыйзамы боюнча биосфералык аймакта эч кандай тоо кен ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө болбойт, - деп үшүндүрдү ал. - Ошондуктан бул түзүлгөн комиссия мыйзамды бузалыбы же жокпу деп чечим чыгарат. Бирок эң коркунучтуусу жөн гана тоо кен иштетүү ишкананын курулушу эмес, уран казуу тууралуу кеп болуп жаткандыгы. Уран казуу коопсуз деген сөз - бул акылга сыйбаган нерсе.

Эмил Жапарович коркунуч бир гана казууда эмес, аны башка жакка ташууда да болот.

- Компания болсо баары көзөмөлдө болот деп ынандырат, бирок ал болбогон кеп, - дейт ал. - Ташыганда коопсуздук кепилдигин бир гана кудай бербесе, аябай эле коркунучтуу. Жол кырсыгынан эч ким камсыздандырылган эмес, эгерде андай болчу болсо Чүй облусу кыйроо алдында калат.

Профессор урандын калдыктарын сактоо маселеси да бир топ баш ооруну жаратат деп белгиледи.

- Калдык сактоочу жай кай жерде болот? - деп суроо салат ал. - Уран деген кайра иштеткенге болбой турган зат да. Уран ачык абага чыгарбай турган, стандартка туура келбеген руда. Албетте, компания жакшылап көз салып жана атайын сактоочу нерсе менен жаап коёбуз деши мүмкүн. Аны керектүү өлчөмдө топтогондон кийин гана кылууга болот. Ал учурга чейин уран рудасы жамгырга суу болуп, шамалга учуп кетет. мен кээ бир эксперттердин сөздөрүн угуп көрдүм, алар уран абадан оор, учпайт дешет. Биро ал болбогон сандырак сөз. Чаң деле абадан оор, бирок учат да. Бизди жөн гана алдап жатышат.

Шүкүров кыргызстандыктарга алардын бакубаттуулугун акчага сатууну сунуштап жатышат дейт.

- Жергиликтүү элге маяна жана жардам убада кылып жатышат, бирок жергиликтүү бийликке ишенич жок, - дейт ал. - Бизде Кажы-Сайдагы уран казган жердеги кайгылуу окуя эсибизде. Ал жерде калдык сактоочу жайдын болгондугуна карабастан радиация улам көтөрүлүп турат. Бир нече жыл илгери коомдук уюмдар ал жердеги радиацияны өлчөп көрүшүп, пляжда, эл сейилдеп эс алган жайларда да радиация күчтүү экендигин аныкташкан. Ошол жерлерге коркунучту эскерткен табличка илишкен. Ал эми акча иштөө максатында жергиликтүү бийлик болсо аларды жулуп салган.

Эмил Жапарович өкмөт бинестин пайдасын чечим чыгараарын элди ойлобостугун эске салды.

- Ооба бюджетке кандайдыр бир сумма түшөт, бирок биз эгемендүүлүк алгандан бери ири акчаларды алдык, - деп белгилейт ал. - Кайда алар? Алардын көбү коррупционерлердин чөнтөгүнө кирип кеткен. Азыр эми бизге коррупция жок болду деп жатышат. Бирок андай эмес да. Азыркы болуп жаткан кырдаалда толук коопсуз кылабыз деп келесоо адамды гана алдаса болот.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «ЮрАзия в Кыргызстане» компаниясынын ишмердүүлүгү маселеси боюнча чогулуш кылып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Омпол уран кениндеги жана Нарын облусунун Кочкор районундагы иштерди экологиялык экспертиза бүткүчө токтото турууну тапшырды.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх