Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев: Ишкерликтен тоо-кен тармагы менен энергетикага чейин

Депутат ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетти жетектеп жатканына негиз барбы?

Акыркы эки жумадан бери Кыргызстанды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жогорку кызматтарда (албетте - кокустан!) отурган туугандары дүңгүрөтүп атат.


Vesti.kg өкмөт башчысынын бажасы, Профсоюздар комитетинин мурдагы төрагасы Иманкадыр Рысалиев туурасында, анын «КТ Мобайлдын» директорунун мурдагы орун басары болуп иштеген уулу- Эрназар Иманкадыр жөнүндө, Баңгизаттар боюнча Департаментти жетектеген бир тууганы жана премьердин «Кыргыз почтасы» МИнын башкы директорунун биринчи орун басары кызматында отурган күйөө баласы жөнүндө да жазган эле. А баса, Абылгазиевдин кызы Саадат Дюйшеекева да кабарлангандай «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде эмес, АКШдагы Diablo Valley College окуу жайында билим алаары ачыкка чыкпады беле.

Бул жаңжалды эл «Бажагейт» деп атап алды. Бирок, көрсө башка саясатчылар деле ишти өз туугандарына гана ишенип, берүүнү эп көрүшөт экен да.


Бул ирет сөз Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Кожобек Рыспаев туурасында болмокчу. Аны КСДПдан өткөн жылдын август айында эле партиянын дарегине айткан сыны үчүн чыгарып жиберишкен.


Анда партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева КСДПнын чечимин төмөндөгүдөй чечмелеп берген эле:


«Ал КСДПда партиялык ишмердүүлүк, өлкөнүн келечегине байланыштуу сүйлөшүүлөр, ынтымак жок деп айткан, - деген Жолдубаева. - Эгерде Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү аныкталса, мен партияда кала албайм, анткени биз бул партияда тууганча жашаган жокпуз».


Рыспаев өзүнүн партия тизмесинен чыгарылганына макул болгон эмес. Бул да таң каларлык эмес - КСДПнын жетекчили менен парламенттеги фракция ортосунда пикир келишпестиктер биринчи ирет болуп жаткан эмес эле.

2012-жылдан бери Кожобек Рыспаев ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин үзгүлтүксүз жетектеп келет, ал эми ага чейин эки жыл Рыспаев ОЭК боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

Тоо-кен өнөр жайы мамлекеттин экономикасынын бирден бир багыты болуп эсептелери айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ошондуктан, аны менен бул тармак боюнча тажрыйбасы бар кишилердин алектениши өтө маанилүү. Кожобек Рыспаевди буларга кошууга болобу?

Жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин башчысында анын отурганы суроолорду жаратпай койбойт.


Анткени, депутаттын өмүр таржымалында анын тоо-кенге байланышы бар экенин эч эле көрүүгө болбойт. 


1985-жылы Рыспаев Фрунзенин советтик соода-сатык техникумун «товар таануу жана азык-түлүк товарлары менен соода-сатыкты уюштуруу» адистиги боюнча аяктап, Фрунзедеги «Айчурек» ЦУМунда килем буюмдарынын секциясын көзөмөлдөөчү адис болуп эмгек жолун баштаган.

Андан кийин Биринчи Май районундагы №16-дүкөндө ага сатуучу, мындан кийин "Комфорт" дүкөнүндө курулуш-материалдарын сатуу секциясында ага сатуучу, "Азат" чакан ишканасында коммерция боюнча директордун орун басары жана "ОГАН" чакан ишканасынын директору болуп эмгектенген.

2005-жылы Рыспаев Кыргыз улуттук университетин «финансы жана насыя» адистиги боюнча аяктап, 2010-жылы «Ар-Намыс» саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп,эмнегедир Жогорку Кеңештин дал отун-энергетика комплекси жана жер казынасын колдонуу комитетине кирген. 2012-жылы анын төрагасы болгон.

Тоо-кен өнөр жайын депутат менен анын расмий өмүр таржымалындагы бир гана пункт байланыштырат: 2013-жылы Кожобек Рыспаев Кызыл-Кыядагы Жаратылышты пайдалануу инситутунун «пайдалуу кендерди иштетүү» адистигин бүтүргөн.


Ошол эле маалда, 2009-жылы Билим берүү министрлиги аталган вуздун ишмердүүлүгүн токтоткону белгилүү. «Билим берүүнү башкаруунун электрондук системасы» сайтында 2014-жылы институт кайра лицензия алып, ал тургай Магнитогорск мамлекеттик техникалык университети менен кадрларды даярдоо бонча келишимге кол койгону жазылган. Ошондо, Рыспаев кантип ал жерде 2009-жылдан 2013-жылга чейин окуган?


Кандай болгон күндө да, жалгыз жогорку билим тийиштүү парламенттик комитетти жетектөөгө жетиштүүбу эмне? Депутаттын же аткаминердин кесипкөйсүздүгү ал эмес өлкөгө да кедергиси тийиши мүмкүн.


Бул эле эмес. Белгилүү болгондой, Кожобек Рыспаевдин балдары бир катар компаниялардын неиздөөчүлөрүнөн экен. Мисалы:


- «WhiteStone» (Вайт Стоун) ЖЧКсы, 2012-жылы катталган. Негизги ишмердүүлүгү - курулуш жана жасалгалоочу таштарды казуу. Кош-негиздөөчүсү - депутаттын улуу баласы -Рыспаев АмангелдиКожобекович.


- «ДИЕС» ЖЧКсы, 2018-жылдын 8-майында каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү - Түстүү металлдарды казуу жана байытуу. Ошондой эле, компания алтын чалгындоого лицензия алганы да белгилүү (лицензия №3480 АР.04.03.2014-ж). Кош-негиздөөчүсү - депутаттын кичүү уулу - Кожобек уулу Эсенгелди.

- «Darius» (Дариус) ЖЧКсы, 2017-жылдын 18-сентябрында каттоого турган. Негизги ишмердүүлүгү - көмүр казуу. Кош-негиздөөчүсү ошол эле Кожобек уулу Эсенгелди.

- 2011-жылдын 28-мартында каттоодон өткөн «ГЭКА» ЖЧКсы. Анын негизги ишмердүүлүгү анткен менен башка - мейманкалар кызматын көрсөтүү. Компаниянын жалгыз катышуучусу жана жетекчиси - Амангелди Рыспаев.


Ачык мүмкүндүктөгү булактарда Амангелди Рыспаев менен Эсенгелди Кожобек уулунун алган билими же иш тажрыйбасы өңдүү жагдайлар менен тоо-кен тармагына тиешеси бардыгын далилдеген кандайдыр-бир маалыматты таба алууга мүмкүн болгон жок.

Анын ордуна, эки бир тууган тең грек-рим күрөшү менен шугулданып, мамлекетти чет өлкөлүк аренада спортчу катары далай ирет көрсөтүшкөнү белгилүү. Эсенгелди Кожобек уулу Бишкек шаарынын РИИБде ыкчам кызматкер болуп иштейт.

Баса, дал ушул Кожобек Рыспаев 2017-жылдын январь айынан тарта батирлерди саатына же күнгө ижарага берүү үчүн айыппулдар салына баштаган мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан. Бир жылдан соң парламенттин депутаттары өз турак-жайларын туристтик сезондо ижарага берип, жан баккан жарандардын нааразычылыган кийин батирлерди мейманкана катары берүүгө жол берген мыйзам долбоору үчүн добуш беришкен.

Жакында эле Vesti.kg Улуттук энергохолдингди мурдагы депутат Айтмамат Назаров жетектей баштаганын маалымдаган. Анын өмүр таржымалы дагы кесиптештикине абдан окшош, болгону Назаровдун өмүрүндө килем менен жашылчалар эмеса кант менен арак көп кездешкен.

«Айран-таң калып отурам, - деп Vesti.kg сайтына отун-энергетика комплекси боюнча серепчи Расул Үмбеталиев таң калганын жашырган эмес. - Мен биздин өкмөттүн кадр саясаты мындай вакхиналияга, башаламандыкка жетет деп ойлогон эмесмин. <…> Биздин энергетика тармагына кошок кошо берсек болчудай».

Кейпи, тоо-кен тармагын да ушундай тагдыр күтүп турат өңдөнөт.

 


Сергей Новиков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх