Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биздин ЖБКЭӨЖМКде такыр эле ботко - бул жерде алтын да бар, электрлештирүү да, керек болсо ич кийимдерди тигишет»

Өнөржайэнергомамкомитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Жыргалбек Сагынбаевдин ишине мүнөздөмө берүүдө эксперттер да кыйналышты 

Жыргалбек Сагынбаев бүгүн өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан кетти, бул тууралу мурдараак Vesti.kg сайты кабарлаган. Анын ордуна Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов олтурат.

Бул дайындоо бир канча сөзгө арзыйт, бирок, андан мурда иштеген адамдын ишмердүүлүгү тууралу эксперттер бир нерсе айтууда бир аз кыйналып жатышабы? Тоо кен өнөр жайы жана энергетика боюнча эксперттер, геологдор баа берүүдө кыйналышты.

Коомдук ишмер Расул Умбеталиев Vesti.kg сайтына, бул аткаминер тууралу эчтеке укпагандыгын мойнуга алды

Геологдор жана тоо кен өнөр жайчылардын ассоциациясынын мүчөсү Ленур Хасбулатов, мындайча айтканда, бир аз көбүрөөк билет тура. Эксперттин баамында, Сагынбаев өз ишин жөндөй алган эмес. 

- Бизде көп учурда кесипкөй эмес адистерди дайындашат, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон сүйлөшүүсүндө. - Анан калса, мурдагы президенттердин убагында мындайлар болуп келген, учурда да болуп жатат. Кесипкөйлүгү менен эч бир тандашпайт, менимче, башка бир критерийлер менен тандашат окшойт. 

Орозбек Дуйшеев, кечээ жакында эле ЖБКЭӨЖМКтин төрагасынын орун басары болуп дайындалган   Жыргалбек Сагынбаевди өтө аз билерин белгиледи. 

- Бирок, эгер кененирээк карасак, анда Өнөржайэнергомамкомитетинде ботко кайнап жатат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Биздеги чечүүчү өндүрүш атайын даярдалышы керек, а бизде болсо, алтын да бар, энергетика да бар, жана ич кийим дагы тигишет. Бардыгын аягына чейин кууратышты. Кыргызстанда электр энергиясы үчүн карыз 102 млрд сом. Ал өзүбүздүн карыз эмес, чет элдиктерге. Чынына келсек, дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы бизде да.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты, Жыргалбек Сагынбаев КР ЖБКЭӨЖМКтин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду деп кабарлаган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул тууралу тийиштүү буйрукка кол койгон. 

Белгилеп кетсек, Жыргалбек Сагынбаев Кыргыз архитектура - курулуш институтун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Юридикалык академияны  жана КР ТИМ алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган. 

КР ИИМде иштеген, кызмат жолун адистен баштап  «Кыргызкурулуш» АК ОТАО алгачкы президенти, КР Өкмөтүнүн алдындагы «Кыргызресурстары» МИ жетекчиси, КР Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» МИ жана «Ореми-Оорэлектромаш» заводун, ошондой эле КР өнөр жайчылары жана ишкерлеринин Ассоциациясын жана Өнөр жайчылар жана ишкерлердин Кыргыз союзун башкарган. 

 

Ольга Федорчук

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх