Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр» кенинде алынган алтындын көлөмүн көбөйтүү жана реагенттерди чыгымдоону азайтуу максатында технологиялык схема өзгөртүлдү.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) 2021-жыл ичиндеги ишинин натыйжаларын жыйынтыктоосун улантууда.

Алтын ылгоо фабрикасында (АЫФ) флотациялык концентратты ажыратуу боюнча технологиялык схемасы өзгөртүлдү, бул алынган алтындын көлөмүн көбөйтүүгө жана реагенттерди керектөөнү кыскартууга мүмкүндүк берди.

2021-жылдын жыл башынан ноябрь айына чейинки мезгилде фабрикадагы кайра иштетүүгө кеткен чыгымдар тоннасына 10,86 долларды түздү, бул бюджетте каралган көрсөткүчтөн тоннасына 0,39 долларга же 3,5% төмөн болгон.

Убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери КГКда фабриканын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн төмөнкү чаралар кайра каралып чыкты жана ишке киргизилди:

    Эскирген жана натыйжасыз жабдуулар алмаштырылды;
    Эскирген реагенттер жаңысына алмаштырылды;
    Сапатсыз реагенттерди жана кызматтарды көрсөткөн жеткирүүчүлөрдөн баш тартты;
    Кызматкерлердин квалификациясы жогорулатылды;
    Жаңы технологиялар киргизилди.

АЫФтын металлургиялык лабораториясында жаңы реагенттерди тандап алуу, реагенттин чыгымдалышын оптималдаштыруу жана оптималдуу технологиялык схемаларды тандоо максатында 1000ден ашык сыноолор өткөрүлдү. Дүйнөлүк флотациялык реагенттердин өндүрүүчүлөрү менен байланыш түзүлдү жана сыноо үчүн флотациялык реагенттердин 300дөн ашык түрү алынды.

Азыркы учурда дүйнөдө теңдеши жок акыркы муундагы флотациялык машиналардын чыгаруучусу болгон эл аралык компания менен биргеликте флотациялык сыноолор  өткөрүлдү.

Жасалма интеллекттин негизинде процесстерди автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул системаны ишке киргизүү адам катасынын бардык факторлорун жоюуга жана бардык технологиялык көрсөткүчтөрдү эң жогорку деңгээлде кармап турууга, ошондой эле, ушул убакка чейин жетишкен алтынды бөлүп алууну 5% га жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде кадрлардын резервин даярдоого олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. 19 студент өндүштүк практикадан өтүштү. АЫФтын бөлүмдөрүнө 20 стажер кабыл алынды, анын ичинен мыкты деп аныкталган 4 стажер стажировка убактысы аяктай электе КГКнын штаттык курамына кабыл алынды. Дагы 22 стажерду кабыл алуу пландаштырылууда, бул КГК үчүн гана эмес, ошондой эле жер казынасын пайдалануу жаатында болочок долбоорлор үчүн кадрдык резервди даярдоого мүмкүндүк берет.

КГКнын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх