Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз бийлиги "Центерранын" президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Жабык видеоконференцияга Кыргыз Республикасынын атынан Акылбек Жапаров, Аяз Баетов, Тенгиз Бөлтүрүк жана башкалар катышты. Талкуу бүгүн дагы уланат

Бир күн мурун Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү. Жолугушуу жабык видеоконференция форматында өттү. Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышты. Канадалык тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты. Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Диалогдун жыйынтыгында катышуучулар талкууну бүгүн улантууну чечишти.

 

KГK
КГКнын сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх