Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр Голд Компани» депутат Акылбек Кемеловдун маалыматын четке какты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Кемеловдун КГКдагы кадрдык секирик тууралуу айткан сөзүнө “Кумтөр Голд Компани” реакция жасады.

«Депутат Акылбек Кемеловдун эмоционалдуу, негизсиз, бир жактуу сөздөрүнө жооп катары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк тарабынан да, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын топ-менеджерлеринде да мындай аракеттер болбогондугун расмий түрдө билдирди. Акылбек Кемелов акыркы шайлоодо тиешелүү добуш ала албаганына чын жүрөктөн тилектешпиз, бирок элдин эрки ушундай. Бирок, жеңилүү ызасын тартып, эмоционалдык стрессти парламенттин бийик трибунасынан жалган маалымат таратууга негиз боло албайт деп эсептейбиз. Акыркы убакта Кумтөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу жалган жана карама-каршылыктуу маалыматтардын булагы болуп жаткан чакырылыштын айрым депутаттары болууда. Ушундай жол менен шайлоочулардын кызыгуусун ойготууга аракет кылып жатышканын түшүнгөн КГК азырынча эч кандай соттук чара көрбөйт. Бирок келечекте Компания Теңиз Бөлтүрүктүн жеке өзүнүн да, бүтүндөй «Кумтөрдүн» командасынын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген билдирүүлөргө учурдагы мыйзамдардын чегинде жооп берүүгө аргасыз болот.

Тактап айтканда, Акылбек Кемелов Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтөр Голд Компани” парламентке отчет берүүдөн баш тартып жатканын айткан.
«Парламент Кумтөрдө тышкы башкарууну киргизди. Биз отчет талап кылганбыз, бирок алар соттук териштирүүлөрдөн улам маалымат бере албастыгын айтышты. Сырткы менеджерге карт-бланш берилди. Кырдаалдан пайдаланып, уруксатсыз чечимдерди кабыл алат.

Тенгиз Бөлтүрүк кыргызстандыктарды жумуштан кетирип, жергиликтүү подрядчылар менен келишимди үзө баштады. Ал казак жана түрк компаниялары менен жаңы келишимдерди түзөт. Биз аны токтотушубуз керек ", - деди Кемелов.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх