Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кумтөр» компаниясында ондогон жылдар бою иштеген Ысык-Көл облусунун кызматкерлерин куттуктады

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) ишканада көп жылдардан бери эмгектенип келген жана өмүрүн тоо-кен тармагына арнаган юбиляр жумушчуларын куттуктоо мааракесин жыл сайын өткөрөт. Бул ирет компаниянын Ысык-Көл облусунда жашаган жумушчулары үчүн майрамдык иш-чара Каракол шаарында уюштурулду.

КГКнын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кызматкерлерге Компанияда өз жанын аябай жана чын дили менен эмгектенип келгендери үчүн ыраазычылык билдирди. Ишкана жумушчуларынын эмгегин жогору баалайт. Тышкы башкаруу киргизилгенден бери Компания социалдык саясатты өнүктүрүүгө жана мыкты кызматкерлерин сыйлоого чоң көңүл бура баштады. Салтанаттуу кечеде кумтөрдүктөргө сертификаттар жана эстелик белектер тапшырылды.



Сыйлык алгандардын арасында Советбек Жолбунов да бар. Ал 15 жылдан бери оор жүк ташуучу карьердик самосвал айдайт. «Бул жооптуу жана татаал иш. Мурда чет элдик компанияда иштесек, азыр Кыргызстан үчүн иштеп жатабыз. Казылып алынган алтындын баары өзүбүздө, эл үчүн, өлкө үчүн калат. Бул жакшы! Бул жумуш мага туруктуулук, жакшы эмгек акы жана келечекке ишеним берет”, – дейт Советбек Жолбунов.



«Ар бир компания 25 жылдан ашык берилип иштеген кызматкерлери бар деп мактана албайт, бул кадырлуу иш. Биринчиден, бул чоң тажрыйба, бул Кумтөрдүн эле эмес, Кыргызстандын да тарыхы. Компанияда көп жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкерлер өз тажрыйбасын жаш муундар менен бөлүшүшөт», – деди КГКнын аткаруучу директору Канат Курманов.

КГК

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх