Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын балдарына төрт жарым миң жаңы-жылдык белек тапшырды

Жаңы жылдык майрамдардын алдында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Суу райондорунун, ошондой эле Чолпон-Ата, Каракол жана Бишкек, Балыкчы шаарынын балдарына жалпы суммасы 3 814 779 сомду түзгөн 4444 белек тапшырды.  Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларына салттуу жаңы-жылдык белектер тапшырылды.

Жаңы жылдык таттуулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен балдарга жеткирилип, тизмелер берилди. Республиканын шаарларынын мэрлери, райондук администрациялардын башчылары жана социалдык мекемелердин өкүлдөрү КГКнын тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүккө көрсөткөн жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.
«Кумтөр» Төмөнкү Серафимов атындагы карылар жана майыптар үйүндөгү тарбиялануучуларын да унутта калтырган жок. Ал жерге эки метрлик жаңы-жылдык балаты орнотулду.

Тамак-аш продуктыларынын кезектеги партиясы да берилди. Төмөнкү Серафимовдор үйүнүн директору Салтанат Мукамбетова «Кумтөр» ишканасынын жетекчилигине улуу муунга дайыма көрсөткөн жардамы, көңүл бурушу жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.

КГК
Фото КГК

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх