Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМи: Өз баракчаларына өздөрү тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу менен эл аны ким колдоно аларын ойлонбойт

Милиция социалдык тармактардагы алдамчылык тууралуу билдирүүдө

Азыркы учурда, социалдык түйүндөр көпчүлүк адамдардын жашоосуна бекем кирди. Ошондой эле, кылмышкерлер социалдык тармактарда кылмыш жасоо үчүн активдүү колдоно башташты. Интернеттеги эң популярдуу кылмыш – бул алдамчылык болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алдамчыны кантип аныктоонун жана интернеттеги алдамчылык аракеттерден коргонуунун эрежелерин эскертет.

Кылмышкерлер адамдардын психологиясын жакшы билишет жана колдо болгон бардык маалыматтарды, анын ичинде биз өз эркибиз менен байланышып жатканда же социалдык тармактарга жайгаштырганда чебер колдонушат. Социалдык түйүн шылуундар үчүн маалыматтын кампасы болуп келет. Өз баракчаларыбызга өзүбүз жөнүндө маалыматтарды жайгаштырганда, аны ким колдоно алат деп ойлонбойбуз.

Ошол эле учурда, кылмышкерлер мүмкүн болуучу жабырлануучунун туугандары, байланыштары, хоббилери жөнүндө маалымат алуу жана акчаны алдап алууда, анын жеке жашоосун билгендигин шыктандырат.

Социалдык тармак аркылуу сизге зыяндуу программаларга, алдамчылык ресурстарга жана колдонмолорго шилтемелер келип, тез арада акча которууну суранган маалымдама келет. Эгер досторуңуздардын баракчасы бузулган болсо, мындай билдирүүлөр алардан келиши мүмкүн. Сунушталган шилтемеге өтүүдөн же акча которуудан мурун, маектешиңиз менен башка жол менен байланышып, учурда алардын баракчасы аркылуу байланышып жаткандыгын тактаңыз.

Кылмышкерлер социалдык тармактарда жана таанышуу сайттарында маалыматтарды көрсөткөн жана ойдон чыгарылган адамдардын сүрөттөрүн жайгаштырган баракчаларды түзүшөт. Бул баракчалар аркылуу алар сайттын башка колдонуучулары менен таанышышат. Убакыттын өтүшү менен кылмышкерлер ишенимге кирип, маектешин “жакыныраак” байланышка өтүүнү сунушташат жана телефон номерин калтырышат. Мындай байланыштын эң зыянсыз натыйжасы номер акы төлөнүүчү болуп, сиздин эсебиңизден акча которулушу мүмкүн. Мындан да жаманы, маектешүүнүн натыйжасында сиз жеке маалыматтарды жөнөтүп, коркутуунун курмандыгы болуп калышыңыз да мүмкүн.

Мындан тышкары, кылмышкерлер балдарга каржылык жардам сурап кайрылуу, кайрымдуулук акциялары уюштурумуш болуп ушундай сыяктуу себептерди көп колдонушуп келет, андыктан жардам көрсөтүүдөн мурун аталган иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгы тууралуу алдын ала маалыматтарды тактоо зарыл. Ошону менен бирге, бирге бир нече байланыштын (телефондор, электрондук почта билдирүүлөрү, социалдык медиа баракчалары), тастыктоочу документтердин бар экендигине көңүл бурууну эскертебиз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх