Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Түркияда өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты (фото)

Командалык мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндер командасы 4-орунду ээледи

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында дзюдо боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты. Бул тууралуу КР УДФнын басма сөз кызматы билдирди.

Оюндарга Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышты. Эң жакшы жыйынтыкты 16-августта 78 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш медаль тагынган Шахида Нармухамедова көрсөттү. Кошумчалай кетсек, командалык мелдеште Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасы 4-орунду ээледи.

Кыргызстандык балбандардын жыйынтыгы:

Шахида Нармухамедова (78 кг чейин) - 2-орун;

Чынгызхан Сагыналиев (73 кг чейин) - 5-орун;

Асад Масабиров (81 кг чейин) - 5-орун;

Адина Көчкөнбаева (57 кг чейин) - 5-орун;

Динара Халмурзаева (78 кг жогору) - 5-орун;

Алманбет Мамазаиров (100 кг чейин) - 7-орун;

Ажар Исаева (63 кг чейин) - 7-орун.

Сүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх