Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мектепке катталуу: Райондор ата-энелердин арыздарын карашат

Ленин районунун тургундарынан 750 арыз түшүп, анын 399у канааттандырылган, калгандары каралууда

Бир күн мурун райондук билим берүү борборлорунда балдарды жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги астында райондук билим берүү борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) комиссия мүчөлөрү жана «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте келип түшкөн кайрылуулар каралды.

Райондун жашоочуларынан 175ке жакын арыз түшүп, анын 117си канааттандырылган, 16сы канааттандырылган эмес, 42 арызы жашаган жерин тактоо үчүн жөнөтүлгөн.

Ушундай эле комиссия Ленин районунда да болуп өтту. Ага райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова, муниципалитеттин Ленин району боюнча орун басары Айзада Жунусова, «Балдарды коргоо борбору» коомдук фондунун өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарлары катышты.

Райондун тургундарынан 750 кайрылуу түшүп, анын 399у канааттандырылган, калганы каралууда.

Свердлов райондук комиссиянын ишине жетекчинин орун басары Асел Садыкова, Свердлов райондук билим берүү борборунун директору Нурлан Байгулов, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун өкүлү жана МАБдын адистери катышты.

Райондун тургундарынан 750гө жакын арыз түшүп, анын 600ү канааттандырылып, 24ү кийинкиге калтырылган.

Октябрь райондук комиссиянын курамына облустук билим берүү борборунун директору Жаңыл Сыдыгалиева, МАБдын жетекчилери, райондук муниципалдык администрациянын жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

Райондун тургундарынан 594 арыз түшүп, анын 79у канааттандырылган, 8и канааттандырылган эмес.

Белгилей кетсек, аталган комиссия шаардын вице-мэри Виктория Мозгачеванын 2022-жылдын 29-июлундагы “Балдарды 1-класска кабыл алуу жөнүндө” протоколдук буйругунун, билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде,  Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 2-августундагы № 223 токтомуна ылайык, ошондой эле балдарын «Мектепке электрондук кабыл алуу» АИСке катталбаган жарандардын арыздарын объективдүү кароо максатында түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх