Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу - алтын, Мээрим менен Айпери - коло.Кыргызстандын спортчу кыздары Египетте ийгилик жаратышты

Кыргызстандын курама командасынын капчыгына башка медалдар да түштү

Кечээ түнү Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Египетте өткөн рейтингдик турнирде үч медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти. Алсак, Айсулуу Тыныбекова Александрияда өткөн "Ибрахим Мустафа" кыз-келиндер күрөшү  боюнча 62 килограммга чейинки салмакта экинчи рейтингдик турнирдин алтын медалынын ээси болду.
Олимпиадада ийгилик жараткан башка спортчубуз Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта коло медаль тагынса Айпери Медет кызы Кыргызстандын казынасына коло алып келди. Белгилей кетсек, Айпери 2023-жылдын 5-февралында Загребде (Хорватия) өткөн биринчи Zagreb Open рейтингдик турниринде күмүш медалга ээ болгон.
Ошондой эле турнирде башка спортчуларыбыз да байгеге ээ болушту: 

Акылбек Талантбеков (82) - күмүш

Сыймык Махмудов (63 кг чейин) - коло

Раззак Бейшекеев (67) - коло

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх