Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуучулардын жазгы каникулдары качан башталары белгилүү болду

Быйыл кышкы каникул узартылып, жазгы каникул кыскартылган

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 2023-жылдын 22-мартынан 26-мартына чейин (5 календардык күн) созуларын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 18-марттан 21-мартка чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Буга байланыштуу окуучулар 20-марттан тарта эс алууга чыгат.
Сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.
Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планына ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 10 күнгө созулмак. Бирок январь айында аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу кышкы каникул узартылып, жазгы каникул кыскартылган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх