Эртең күн 40 градуска чейин ысыйт
Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турганы оң
7-9-июнь күндөрү аба-ырайынын температурасы кескин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35...40°, Талас облусунда 33...38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турганы оң.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз