Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат

Суунун тартышсыздыгынан бул аргасыз чара экени белгиленди

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканалдан" билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аргасыз чара, анткени борбор калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл.

"Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле "Ынтымак" жана "Ала-Арча" конуштарында ичүүчү сууну берүү кечки 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх