Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУӨП долбоору Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө Улуттук адаптация планын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт

Гидрометеорологиялык маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу үчүн телекоммуникациялык системаларды колдонуу боюнча теориялык жана тажрыйбалык билимдерди жогорулатууга багытталган окутуучу тренингдер өткөрүлдү, климаттын өзгөрүүлөрү жана сапаттуу климаттык өнүмдөрдү иштеп чыгуу тууралуу маалыматтар менен иштөө контекстинде олутуу мааниге ээ болду.

Бул максатта Кыргыз гидрометеорологиясынын кызматкерлери үчүн окутуучу иш-чаралар өткөрүлүп, ал кызматкерлерге телекоммуникациялык системалардын жардамы аркылуу топтолгон гидрометеорологиялык маалыматтар менен натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Аталган иш-чаралар маалыматтарды топтоо, берүү жана иштеп чыгуу процессин, ошондой эле сапаттуу климаттын өнүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн аларды талдоону жакшыртууга түрткү болмокчу.

Окутуучу тренингдер кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жана климаттык өзгөрүүлөр жөнүндөгү маалымат менен натыйжалуу иштөөдөгү ролун жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Алар кызматкерлерге сапаттуу климаттык өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана тобокелчиликтерди башкаруу жаатында негиздүү чечимдери кабыл алуу үчүн актуалдуу билимдерди жана көндүмдөрдү камсыз кылат.

Теориялык билимдерди жогорулатуу кызматкерлерге гидрометеорологиянын негиздерин, телекоммуникациялык системалардын иштөө принциптерин жана климаттык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды топтоо ыкмаларын жакшы түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Алар маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана талдоо үчүн ар кандай аспаптар жана технологиялар жөнүндө маалымат алышат. Бул маалыматтарды топтоонун эффективдүү стратегиясын иштеп чыгууга жана климаттын өзгөрүүлөрүнө таасирин тийгизүүчү маанилүү факторлорду аныктоого жардам берет.

Мындан тышкары, тренингдердеги тажрыйбалык сабактар катышуучуларга өз билимдерин реалдуу кырдаалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай тажрыйба аларга көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана алган билимдерин түздөн-түз өзүнүн иштеген ишинде колдонууга көмөктөшмөкчү.

«Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоору БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жана Жашыл климаттык фонд тарабынан каржыланууда. Анын максаты Кыргызстанга климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана климаттын өзгөрүшүнө Улуттук адаптация планын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх