Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форуму өттү

Иш-чарага мамлекет башчы катышты

Кечээ, 28-ноябрда Бишкекте “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

undefined

Президент өз сөзүндө чогулгандарга акыркы үч жылдагы жыйынтыктар жана өлкөдөгү болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жөнүндө кыскача айтып берди.

Мындан тышкары, ал жаштарга өзгөчө көңүл буруп, токтоло турган негизги багыттарды белгиледи.

Мамлекет башчысы билим алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү менен кесипке даярдоо тутумун колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.

Садыр Жапаров жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.

undefined

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх