Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы шаардыктарды унаалардын ордуна коомдук транспортко өтүүгө чакырууда

Мындай сунуш транспорт жол кырсыктарынын алдын алуу максатында демилгеленди

Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарды коомдук муниципалдык транспортко которууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул сунуш транспорт кырсыгынын жана мүмкүн болуучу жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында демилгеленген.

Ошону менен бирге борбордук коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00 дөн түнкү 23:30 га чейин тейлейт.

Саат 9:00гө карата линияда "Бишкек троллейбус башкармалыгы" МИнин 114 троллейбусу, "Бишкек автотранспорт ишканасы" МИнин 396 автобусу, "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" МИнин 276 автобусу, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧК тарабынан 110 жеке автобус жана "Аламүдүн Авто Транс"МИнин 5 автобусу кызматта.

Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат.
- Аба ырайынын шарттарына карабастан коомдук транспорттун иштөө графиги ошол бойдон кала берерин эскертебиз!, - деп белгилешти мекемеден.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх