Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Катарда 2023-жылкы Азия кубогу башталат

Кыргызстандын улуттук курамасы 16-январдан тарта талаага чыга баштайт

Катарда бугүн, 12-январда футбол боюнча Азия чемпионаты - 2023-жылкы Азия Кубогу башталат.
Бүгүн турнирдин ачылыш аземи, андан соң Катар менен Ливандын курама командаларынын биринчи беттеши өтөт (Бишкек убактысы боюнча 22.00дө башталат).

Кыргызстандын “Ак Шумкар” курама командасы “F” тайпасында ойнойт. Улуттук курама команданын беттештери 16-январда башталат.

Бишкек убактысы боюнча “Ак шумкара” оюндарынын графиги:
16-январь
Таиланд — Кыргызстан, 20.30 «Абдулла бин Халифа» стадионунда.
21-январь
Кыргызстан — Сауд Арабиясы, 23.30 Ахмад бин Али стадионунда.
25-январь
Кыргызстан — Оман, 21.00 «Абдулла бин Халифа» стадионунда.
Азия кубогунун бардык оюндарын UTRK Sport телеканалы көрсөтөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх