Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы эми лотерея ойнотпойт

Мекеме жакында жаңы акциясы башталат

Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми жакында кызыктыруучу лотореянын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Ага байланыштуу Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат.
- Жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттары жана байгелердин тизмесин жакынкы аралыкта сунуштайбыз, - деп кошумчалашты Салык кызматынан.
Эске салсак, 2023-жылы Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2 миң 376 баалуу байге ойнотулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх