Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто адам жүзүн таануу камерасы аркылуу издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ал алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн

Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөгө жарыяланган.
"Шектүү Т.Т. аттуу жаран коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх