Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«12 Камин» эс алуу жайы дайынсыз жоголгон жаш жигитти издеп жүргөндөргө ысык тамак уюштурду

Бүгүн Маматалы уулу Мукамбеталыны издөөгө 300дөн ашык адам чыкты

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон Маматалы уулу Мукамбеталыны издөөгө тартылган милиция кызматкерлерине “12 Камин” эс алуу жайынын жетекчилиги тарабынан ысык тамак уюштурулду. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн дайынсыз жоголгон адамды издөөгө куткаруучулар, милиция кызматкерлери, ыктыярчылар жана Маматалы уулу Мукамбеталы жакындары болуп 300дөн ашык адам чыкты.

Эске салсак, ал 14-январда «12 Камин» эс алуу аймагынан жоголуп кеткен. Эки күн бою үй-бүлөсү жана достору аны өз алдынча издеп, кийин жардам сурап кайрылышкан. 17-январда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кошулуп, УКМКнын “Альфа” тобунун кызматкерлери да тартылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх