Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия Кубогу – 2023: Кыргызстан Сауд Аравияга жеңилди

Ата мекендик футболчуларга 9 оюнчу менен беттештин аягына чейин ойногонго туура келди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрүп,
2:0 эсебинде жеңилип калышты.
Тайпалык баскычтын 2-турунун оюндары 21-январда Катарда өттү.

Сауд Арабия курамасы биринчи голду 35-мүнөттө, экинчини 84-мүнөттө киргизди.

Ата мекендик футболчуларга 9 оюнчу менен беттештин аягына чейин ойногонго туура келди: коргоочу Айзар Акматов 8-мүнөттө оюндан четтетилсе, ал эми жарым коргоочу Кими Мерк 51-мүнөттө оюндан четтетилди.

Жолугушуу Сауд Аравия командасынын басымдуу артыкчылыгы астында өттү. «Ак шумкардын» оюнчулары беттештин жүрүшүндө атаандашынын дарбазасына бир дагы сокку узаткан жок.

Сауд Арабиясы 1/8 финалга мөөнөтүнөн мурда өттү. Ал эми кыргыз командасынын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү азырынча минималдуу – алар 25-январда Оман менен беттешет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх