Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар марафон боюнча Азия чемпионатында эки медаль утуп алышты

Гонконг марафонуна 16 өлкөнүн эң мыкты спортчулары катышты

Кыргызстандыктар Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова Standard Chartered Hong Kong Marathon программасынын алкагында өткөн марафон боюнча Азия чемпионатында ийгиликке жетишишти.

КРнын Жеңил атлетика федерациясынан билдиришкендей, турнирге 16 өлкөнүн эң күчтүү спортчулары катышты.

Гүлшаной Сатарова 02:36.32 жыйынтык менен 2-орунду ээлеп, марафон боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Илья Тяпкин болсо 02:18.18 убактысы менен коло медаль тагынды.

«Бул ата мекендик спорт үчүн чоң ийгилик, анткени Гонконг марафону абдан абройлуу жана өтө оор деп эсептелет. Спортчуларыбыздын сыйлыктары бардык жөө күлүктөр үчүн стимул болуп, өлкөдөгү жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө шыктандырсын», - деди КРнын Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх