Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган

Илдетти жугузуп алгандардын көбү - 1 жаштан 4 жашка чейинки жаш балдар

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча Бишкек шаарында 177 учур катталган.

Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.

Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:
• 1 жашка чейин – 182 учур;
• 1 жаштан 4 жашка чейин - 201 учур;
• 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;
• 10 жаштан 14 жашка чейин - 22 учур;
• 15 жаштан 19 жашка чейин - 13 учур;
• 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;
• 30 жаштан жогоркулар - 17 учур.

Республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркиядан жана Россия Федерациясынан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун жалпысынан 7046 учуру катталды, интенсивдүү көрсөткүч 100 000 калкка (100,1). Оору жуктургандардын көпчүлүгү (43,5%) 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагылар.

-Кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу. Эгерде шектенүү пайда болсо, туура диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылыңыз.Үйгө дарыгер чакырыңыз! Оорулунун дене табы өтө жогору болсо, тез жардам чакырыңыз.
Кызамыкты алдын алуунун эң эффективдүү жолу бул эмдөө. Балдарыңыздын саламаттыгына кам көрүңүз, алардын 12 айында (КПК) жана 6 жашында (КПК ревакцинациясы) жасалуучу эмдөөнү алуусун, ошондой эле ҮМБ/ҮДТларда жана ФАПтарда бекер жүргүзүлүүчү 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алуусун камсыз кылыңыз, - деп эскертет министрлик.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх